​Оренбургда кыргызстандык унаа кырсыктады

29-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 17:34

Россияга бара жаткан жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Россиянын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлады.

Маалыматка караганда, Оренбург-Самара унаа жолунда кыргызстандык жаран башкарып бара жаткан чиркегичи бар унаа жолдон чыгып, жолду жээгиндеги арыкка кулап калган. Кырсыктан айдоочу жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Учурда полиция кызматкерлери кырсыктын себебин аныктап жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!