30-январь: тоолуу аймактарда кар жаайт

30-Янв. 2018, Шейшемби, 09:44

Бүгүн 30-январда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Өлкө аймагында жолдор тоңуп, жер тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7 градус суук болот.

Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 градус суук болушу күтүлөт. Ошондой эле Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…-9 градус суук болот. Ал эми Ош менен Жалал-Абадда 3 градус сууктан 2 градуска чейин жылуу болот. Баткенде күндүз -3 градустан +2 градуска чейин жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн сууктун күчү -20…-22 градуска чамаласа, күндүз -5…-7 градуска жетет. Ош шаарында абанын температурасы 0…-2 градуска жетет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!