​Ош базарын өрт каптады (видео)

30-Янв. 2018, Шейшемби, 10:45

Ош базарыннда жайгашкан имараттарды бири өрттөнүп жатат. Бул тууралуу интернет колдонуучулар билдирүүдө.

Маалыматка караганда, базарда жайгашкан имараттардын биринин жанында коюу, кара түтүн болуп, тарсылдаган үндөр чыгып жана ири жалын болуп жатат. Өрттөнүп жаткан жерге өрт өчүрүү кызматы келген, жалын жакын жайгашкан соода орундарына да өтүп жатканы айтылууда.

ӨКМдин маалыматы боюнча өрт тууралуу маалымат 9.48де түшкөн. Учурда төрт өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!