Жалал-Абадда жакырчылык азайды

31-Янв. 2018, Шаршемби, 09:58

Өткөн жылы Жалал-Абад шаары боюнча өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 980 болуп, жалпы калктын 4 пайызын түзгөн. Ал эми жакыр 2200 үй-бүлөболуп, калктын 9 пайызын түздү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Өткөн 2016-жыл ичинде 3788 үй-бүлө жакыр катары катталып, жакырчылыктын деңгээли шаар боюнча 15 пайызды түзгөн болсо, 2017-жылы 3180 үй-бүлө жакыр катары каттоодо турду жана жакырчылыктын деңгээли 13 пайыз болду. Ошентип, 2016-жылга салыштырмалуу жакырчылык 2 пайызга азайган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!