Электр үнөмдөөнү сунушташууда

31-Янв. 2018, Шаршемби, 10:04

Азыркы тапта ири көлөмдө электр энергиясын колдонгон мекемелерге, соода-сатык жайларга, унаа жуучу, тез тамактануучу жай эээлерине электр энергияны үнөмдүү пайдалануу боюнча Мамэкотехинспекция тарабынан түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Себеби, Жылуулук берүү ишканасындагы авариялык абалдан улам, Бишкек шаарында электр тогун колдонуу жогорулаган. Жарандарды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо максатында Мамэкотехинспекция тарабынан электр тогун көп колдонгон мекеме,ишканаларга жана кафе, мончо ошондой эле оюн зоок тармактарына электр тогун үнөмдөө боюнча билдирүүлөр таратылууда.

Андыктан, Мамэкотехинспекция өрттүн кесепеттерин алдын-алуу максатында, жарандарды электр шаймандарын колдонууда , өрт коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат. Себеби, катуу сууктун айынан айрым жарандар колдо жасалган, коопсуздук талаптарына жооп бербеген жылыткычтарды колдонуп жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!