Чүйдө ажылыка катталгандардын саны 150гө жетти

31-Янв. 2018, Шаршемби, 10:19

Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов Чүй облусу боюнча ажылыкты уюштуруу адиси Алманбет ажы Суеркуловдон ажылыктагы каттоо иштери боюнча маалыматын угуп, бүгүнкү күндөгү жүргүзүлүп жаткан иштерден отчет алды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Ажылык иштери боюнча жоопту адис Алманбет ажы Суеркулов учурда Чүй облусу боюнча ажыга талапкерлердин саны 150 адамга жеткендигин, жергиликтүү хатибияттар казыят тараптан берилген буйрук, тапшырмаларды ишке ашырышып жаткандыгына токтолуу менен бирге казыят тараптан бекитилген операторлор менен биргеликте ажылык компаниясын ийгиликтүү уюштуруп жаткандыгынан кабар берди.

Ал эми облус казысы берилген отчетко "канааттандыраарлык" деген баа берип, ажылык боюнча Чүй облусунунун жоопту адиси Алманбет ажы Суеркуловго жана казыяттын иш башкармалыгынын башчысы Кубан ажы Бекешовго ажылык иштерин бекем көзөмөлгө алууну милдеттендирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!