1-Февраль: өлкөдө күн ачык болот

1-Фев. 2018, Бейшемби, 10:52

Бүгүн өлкөнүн кээ бир тоолуу райондорунда жана Нарын облусунун айрым жерлеринде бир аз кар жаайт, калган аймактарда күн ачык болот. бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди

Жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4;

Таласта түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4;

Баткен облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Ош жана Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1;

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -6…-11;

Бишкекте 1-февралда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз 2…4 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!