​Кримтөбөл “Дөө” кайра камалды

1-Фев. 2018, Бейшемби, 16:57

“Дөө” каймана аты бар кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кайра камалды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы билдирди.

Маалыматк караганда,Чыңгыз Жумагулов 1-фералда № 3 түрмөгө кайра киргизилди. 17-январь күнү мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган кримтөбөлдүн эмнеге кайра камалганы айтылган эмес.

Эскерте кетсек, Ч.Жумагулов 2017-жылдын 6-январында Биринчи Май райондук соту тарабынан киши өлтүрүүгө катышкан, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, ээнбаштык кылган жана кылмыш тобун түзгөн деген айып менен 18 жылга соттолгон. Бишкек шаардык соту анын абактагы мөөнөтүн 13 жылга кыскарткан. Бул иш Жогорку Сотто каралып, Жумагулов жети жылга кесилген.

Кримтөбөлдүн мөөнөтүнөн мурда бошотулушу коомдо талкуу жараткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!