Айдоочу 10 жылга кесилди

2-Фев. 2018, Жума, 14:43

Вице-премьер министр Темир Жумакадыровдун өлүмүнө алып келге жол кырсыгына себепкер болгон айдоочу 10 жылга жатак-абагына кесилди. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, күнөөлүү адамды 10 жылга кесүү чечимин Чүй облусунун Москва райондук соту чыгарды.

Мындан тышкары, сот Афтандил Таалайбек уулун мамлекетке 2,1 млн. сом айып төлөөгө милдеттендирди.

Сот отурумунда айыпкер күнөөсүн мойнуна алып, бул кырсык экенин, атайын жасабаганын айтып, Жумакадыровдун жакындарынан кечирим сурады.

Эске салсак, 2017-жылы 7-октябрында Бишкек-Чалдыбар жолунда “Тойота -Лэнд Крузер” автоунаасы “КамАЗ” менен кагылышып, вице-премьер министр Темир Жумакадыров, анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Мукановказа болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!