​Кыргызстандык бангизат менен Казакстанда кармалды

2-Фев. 2018, Жума, 16:18

Кыргызстандык жаран Казакстандын аймагында 2 килограмм героин менен кармалды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү маалымат каражаттары Казактандын Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы чек ара кызматынын маалыматына таянуу менен билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек – Москва багытындагы поезд менен бараткан 55 жаштагы жарандын сумкасына героин алып баратканы аныкталган. Аны “Мерке” станциясынан кызматтык ит таап чыккан.

Учурда бул факты боюнча полиция иликтөө жүргүзүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!