Айдоочу сак бол, кар көчкү коркунучу бар!

3-Фев. 2018, Ишемби, 15:36

3-февралдан 5-февралга чейин жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо жана жолдордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында, Тамчы участкасынын 74-78-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

ӨКМ тоолуу унаа жолдор аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга шашылыш билдирүүгө жана аба ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көңүл бурууга, унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!