​5-февраль: өлкөдө жаан-чачын болбойт

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 09:41

Бүгүн өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй менен Талас өрөөндөрүндө 0…-5 градус суук болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткенде күн 0…5 градуска жылыйт.

Ысык-Көл облусунда 2 градус сууктан, 3 градуска чейин жылыйт.

Нарын облусунда -7…-12 градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы 2 градус суук болсо, Ош шаарында 3 градус жылуу болушу күтүлөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!