Бишкекте кудуктан адамдын сөөгү табылды

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 11:45

Бишкек шаарындагы 11-кичи районунда бир адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 4-февралда болжол менен саат 09:20 чамасында куткаруучулар “Мотор” унаа жуучу жайдын жанында жайгашкан люктун ичинен бир адамдын жансыз денесин таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!