​Жасалма акча даярдаган жарандар кармалды

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 15:02

Чүй облусунун Токмок шаарында жасалма акча жасап жана иштетип жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган жарандардын бири 22 жаштагы шаардагы билим берүү мекемесинин окутуучусу экени аныкталды. Анын жатаканадагы бөлмөсүнөн жасалма үлгүдөгү 500 сомдук 143 купюра, 200 сомдук үч купюра жана 100 долларлык бир купюра табылган. Анын шериги, 26 жаштагы тургундун чөнтөгүнөн болсо 500 сомдук жасалма үч купюра алынган.

Ушул эле фактыга байланыштуу иликтөөлөр учурунда башка даректеги үйдөн жасалма үлгүдөгү 158 даана миң сомдук, 20 даана 200 сомдук, 500 евро жана 100 долларлык акча табылган.

Жасалма акча массалык түрдө жүгүртүүгө жете элек болгон. Ал эми акча жасагандардын башка шериктерине издөө салынды. Шектүү жарандар купюраларды түстүү принтерден басып чыгарганы аныкталды. Соттук медициналык-техникалык экспертиза дайындалып, тергөө уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!