Жолдорго кар көчкү түштү

6-Фев. 2018, Шейшемби, 14:49

6-февралда саат 09:00 чамасында Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 5-10-чакырымында көлөмү 1500 кубометр кар көчкү түшүп, унаа жол жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жеринде №27 жол тейлөө ишканасынан 2 бульдозер, 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо иштери жүрүп жатат.

Жабыркагандар жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!