40 тонна майы менен унаа кулады

7-Фев. 2018, Шаршемби, 09:05

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ош - Баткен - Исфана унаа жолунун 125-чакырымында май ташыган унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, унаа жолдон чыгып кетип кырсыкка кабылган. Ичиндеги 40 тонна майдын канчасы төгүлгөнү азырынча белгисиз. Кырсыктан жабыркагандар жок. Окуя болгон жерге Кадамжай райондук №76 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары иш алып барган.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!