​Тилсиз жоо 5 адамдын өмүрүн алган

7-Фев. 2018, Шаршемби, 13:34

Өлкө боюнча 19-январдан 2-февралга чейин 137 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен 5 жаран каза таап, 6 жаран ар кандай жаракат алышкан.

Өрттүн келип чыгуусуна көп учурда мештерди колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу, электр жабдыктарын туура эмес колдонуу, жаш балдардын от менен ойноосу себеп болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!