​Экстремизмге тийиштиги бар жаран кармалды

7-Фев. 2018, Шаршемби, 13:42

Экстремисттик иш-аракети боюнча издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, экстремисттик террордук уюмдарды колдоочуларын издөө жана кармоо боюнча өткөрүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын алкагында, КМШ өлкөлөрүнүн биринде экстремисттик иш-аракеттери үчүн издөөдө жүрүп, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган 1978-жылы туулган чет элдик жаран кармалды.

Кармалган жаран террордук уюмдардын чалгынчыларынын буйруктарынын негизинде, куралдуу жихад уюштуруу жолу менен коомдук-саясий кырдаалды бузуу максатында КМШ өлкөлөрүнүн биринин аймагында саясий жана террористтик жашыруун топторду түзүү менен алектенип жүргөнү аныкталган.

Учурда ыкчам изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!