Тилсиз жоо эки өмүрдү жалмады

8-Фев. 2018, Бейшемби, 10:42

Кара-Балта шаарында өрт чыгып, эки киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, өрт турак-үйдүн бөлмөсүндө чыккан. Үйдүн полунун 6 чарчы метри күйүп кеткен.

Өрттүн кесепетинен 1977-жылы туулган эркек киши жана 1951-жылы туулган аял каза болгон. Тилсиз жоонун келип чыгышына мешти орнотууда эреже туура сакталбагандыгы себеп болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!