Бишкектеги мончолор текшерүүгө алынды (фото)

8-Фев. 2018, Бейшемби, 16:11

Мамэкотехинспекциянын инспекторлору Бишкек шаарындагы коомдук жайлардагы жеке мончолорду текшерүүгө алышты. Себеби, айрым мончолор ар кандай желим жана синтетикалык материалдарды (тигүү цехтеринин калдыктары, желим бөтөлкөлөр, дөңгөлөктөр жана эски бут кийимдер ж.б.) жагышып, экологияга ашыкча зыян алып келип жатат. Бул тууралуу инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Мамэкотехинспекциянын экологдору аталган мончолор абаны канчалык денгээлде булгап жаткандыгын аныктоо үчүн Айлана чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарындагы жеке мончолордун чыпкаларынан атайын үлгүлөрдү алышууда. Ошондой эле, мончолордун чыпкалоочу чыпкаларынын техникалык абалдары текшерилип жатат.

Анткени мончолордун чыпкалары техникалык талаптарга жооп бербесе, абага уулуу заттардын өлчөмү нормадан ашыкча бөлүнүп чыгат. Андыктан, инспекторлордун текшерүүсүнүн негизинде жана лабораториянын берген корутундуусунун жыйынтыгы менен абаны булгап жаткандарга мыйзам чегинде чаралар көрүлөт.

Эске сала кетсек, Мамэкотехинспекция тарабынан жеке мончолордун чыпкаларын техникалык талаптарга дал келтирүү боюнча бир нече эскертүүлөр берилген. Андыктан жүргүзүлүп жаткан текшерүүлөр, көзөмөлдөнгөн тараптар ирээтке келтирилмейинче уланмакчы.





Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!