Майыпты сабап өлтүрдү

8-Фев. 2018, Бейшемби, 17:18

Ысык-Көл облусунда мас абалында майып таанышын сабап өлтүрдү деп шектелген жаран колго түштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБи билдирди.

Маалыматка караганда, милиция бөлүмүнө Ак-Суу районунун Михайловка айылына жакын жайгашкан дачалардын биринде белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Тергөө-ыкчам тобу жерине барып, маркумга кароо жүргүзгөндө башынан жана көкүрөк тушунан көк ала болгон тактар табылган. Кийинчерээк маркум Каракол шаарынын 57 жаштагы тургуну, 2-топтогу майып экени белгилүү болгон.

Андан аркы көрүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары дачанын ээси, Каракол шаарынын 46 жаштагы тургуну, мурда соттолуп чыккан жаран колго түшүрүлдү.

Шектелүүчү таанышы менен спирт ичимдигин ичип отуруп уруша кетип аны сабап өлтүргөн.

Аталган факты боюнча КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголду.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!