​Ташкент-Балыкчы багытындагы поезд каттай баштайт

9-Фев. 2018, Жума, 14:47

22-марттан тартып Ташкент-Балыкчы-Ташкент багытындагы поезд каттай баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, поезд жумасына бир жолу жүрүп, бейшембиде Ташкенттен чыгып, ишембиде Балыкчыдан кайра артка кайтат. Каттамды "Өзбек темир жолу" ишканасы жүргүзөт.

Ушул тапта Өзбекстандан Ошко жана Жалал-Абадга поезд жүргүзүү маселеси да каралып жатат.

Эскерте кетсек, 2016-жылы жай мезгилинде да Ташкенттен Ысык-Көлгө поезд каттамы тууралуу сүйлөшүү болуп, бирок ал бир эле жолу жүргөн бойдон токтоп калган. 2017-жылы да ушундай аракет аягына чыкпай калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!