10-февраль: өлкөдө жаан-чачын болбойт

9-Фев. 2018, Жума, 15:16

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 м. түзөт.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;

Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -9…-14 градус суук. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…+3;

Таласта түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…+2;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…-8, күндү 3…8;

Баткенде түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8;

Бишкекте 10-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -14…-16, күндүз 0…-2 градус суук. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!