​УКМК: Жогорку Кеңештин кызматкери кармалды

10-Фев. 2018, Ишемби, 12:57

Акчаны жеке менчикке чегерип алуу фактысы боюнча Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бөлүм башчы. 2 млн сомдон ашык акчаны жеке менчикке чегерип алуу фактысы боюнча ачылган кылмыш ишин алкагында кармалган. УКМКга Жогорку Кеңештин Аппараты кайрылган.

Учурда шектүү катары кармалган бөлүм башчы УКМКнын убактылуу тергөө абагына камалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!