Унаалар кагышып адам өмүрү кыйылды

12-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 13:45

Талас районунун Кара-Ой айылында эки унаа кагылышып, 1 адам каза болуп дагы төртөө жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 10-февралда болжол менен саат 21:16 чамасында катталган. Анда “Ниссан-Сефиро” үлгүсүндөгү жеңил унаа менен “Хонда-Степ” үлгүсүндөгү унаа кагылышкан.

Жол кырсыктын кесепетинен Ниссан-Сефиро унаасынын айдоочусу каза болуп, 2 адам жабыркаган. Ал эми Хонда-Степ унаасынан дагы 2 адам жабыркаган. Жабыркаган 4 адам Талас облустук ооруканасына медициналык тез жардам кызматынын унаасында жеткирилген. Каза болгон айдоочунун жансыз денеси ушул эле оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!