Жер кыртышын бузган компанияга айып салынды

14-Фев. 2018, Шаршемби, 11:36

Таластагы «ЖЧК Глобал Шыралжын майниг» компаниясы мыйзамсыз жер кыртышын бузгандыгы үчүн Мамэкотехинспекция тарабынан айып салынды. Бул тууралуу инспекциянын маалымат кызматынан билдиришти.

Тагыраак айтканда, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Оро айыл амагындагы жайгашкан Шыралжын участкасында «ЖЧК Глобал Шыралжын майниг» компаниясы тарабынан мыйзамсыз жер жер кыртышын бузгандыгы жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтиргендиги аныкталды.

Жеринде Мамэкотехинспекциянын Талас облустук башкармалынын адистери тарабынан мыйзам бузуулар боюнча тийиштүү акты, протоколдор толтурулуп, аталган компанияга 115000 (жуз он беш мин) сом доо жана 28000 (жыйырма сегиз мин) сом айып салынды.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!