15-февраль: ​кар калың жаайт

15-Фев. 2018, Бейшемби, 10:35

Кыргызстанда туруксуз аба ырайы сакталып, жаан-чачын көп болот. Тоолуу жолдорго муз тоңот, кар күрткүсү болот. Кар көчкү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

15-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде көп жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып калышы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү көп болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5;

Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6;

Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -7…-12 градус болот.

15-февралда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -2…-4°, күндүзгү жогорку температурасы 0…-2° жылуу болушу күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!