​Адашкан малчылар табыла элек

15-Фев. 2018, Бейшемби, 10:58

Тогуз-Тородо жоголгон малчылар изделүүдө. Бул Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Тогуз-Тородогу Көк-Ирим айылдык аймагынын Бирдик айылынын эки тургуну мал издеп кеткен боюнча дайынсыз болууда. Алар 6-февраль күнү үйдөн атчан чыгып кетишкен. 12-февралда алар менен кошо кеткен 35 жаштагы К. Чоялиев кайтып келип, жанындагы өзүнүн 41 жаштагы бир тууганы жана 28 жаштагы С. Айылчиев адашып кетишкенин билдирген.

Жоголуп кеткен малчыларды издөө иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана жергиликтүү тургундардын көмөгү менен жүргүзүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!