​Мартта кандай аба ырайы күтүлөт?

16-Фев. 2018, Жума, 12:03

Март айында Алай, Нарын жана Суусамыр аймактарында суук сакталып турат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка, караганда, өлкөдө марттын аягында күн 22 градуска чейин жылыйт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8 градуска чейин муздап, күндүз 11…16 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу мүмкүн. Ал эми айдын аягында абанын температурасы жогорулап, түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22 градус жылуу болушу күтүлөт.

Талас, Чүй аймактарындамарт ичинде абанын температурасы түнкүсүн суук 3…8 градуска жетип, күндүз 9…14 градустун тегерегинде жылуу болору болжолдонууда. Айдын аягында термометр түнкүсүн -1…-6 градусту, күндүз +15…+20ны көрсөтөт.

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы түнкүсүн 2…7 градус суук, күндүз 3…8 градус жылуу болушу мүмкүн. Айдын аягында абанын температурасы жогорулап, түнкүсүн термометр 0… +5, күндүз +10…+15ти көрсөтөрү болжолдонууда.

Нарында болсо марттын ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8 градус сууктан 10…15 градуска чейин, ал эми Ат-Башы районунда түнкүсүн 15…20 градус суук болушу күтүлүүдө. Кочкор районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градус сууктан 7…12 градуска чейин суук болот, күндүз 3…8 градус сууктан 10…15 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Алай аймагындаабанын температурасы түнкүсүн 11…16 градустан 18…23 градуска чейин муздайт.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 13…18 градустан 20…25 градус суукка чейин жетет.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!