​Сирияда атайын даярдыктан өткөн террорчу кармалды

16-Фев. 2018, Жума, 14:35

Кыргыз өлкөсүндө жанкечти-террорчу кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,1992-жылы туулган жаран Кыргыз жергесинде террордук актыларды жасоо үчүн Сирияда террордук топтун атайын жанкечтилерди даярдоосунан өтүп келген.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекетте куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусу, террорчулук же экстремисттик кылмыштарды жасоо шыктарын жана жөндөмдөрүн алууга багытталган даярдыктан өтүү” жана “жалданмачыны террорчулук же экстремисттик кылмыштарды жасоо шыктарын жана жөндөмдөрүн алууга багытталган даярдоо, жалдоо, үйрөтүү, каржылоо же материалдык жагынан башкача камсыздоо, ошого тете аны куралдуу кагылышта же согуштук аракеттерде пайдалануу” беренелири боюнча кылмыш иши козголду.

Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү УКМКнын СИЗОсуна камалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!