​Баштыкка салынган ымыркай табылды

19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:26

Аламүдүн районунун Восток айылындагы мал фермада иштеген аял төрөп, баласын баштыкка салып, дивандын алдына катып койгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, фермада иштеген 32 жаштагы келин өзү төрөп, баланы баштыкка салып, дивандын астына катып салган.

19-февралга караган түнү ӨКМ куткаруучуларына “112” кызматы аркылуу жергиликтүү тургундан мал фермада иштеген аял төрөп, баласын катып койгондугу туурауу маалымат түшкөн.

19-февралга караган түнү саат 1.30дар чамасында куткаруучулар Восток айылынын “Александр” мал багуу фермасына барышкан. Бирок ага чейин эле РИИБ кызматкерлери аялды жана ымыркайдын сөөгүн ооруканага алып кетишкен.

Ымыркай баштыкка салынганга чейин чарчаганбы же андай кийинби, азырынча аныктала элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!