20-февраль: Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты!

19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 17:27

Кыргызгидрометтин билдиргенине ылайык күтүлгөн карга байланыштуу Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жана Каракол-Эңилчек жолдорунда кар көчкү түшөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

20-февралда түнкүсүн өлкө аймагында кар жаабайт, күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2;

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 8…13;

Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз 7…12;

Баткен облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14;

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 9…14;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -29…-34, күндүз -10…-15;

20-февралда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы 10…12 градус жылуу болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!