Кургак учук менен ооругандардын саны азайган

21-Фев. 2018, Шаршемби, 10:48

Жалал-Абад шаарында 2017-жылы кургак учук оорусуна кабылгандар саны 2016-жылга салыштырмалуу азыраак табылган. Бирок, бул оору боюнча эпидемилогиялык абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу шаардык кургак учукка каршы диспансеринин башкы дарыгери Акылбек Ормонбеков билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы 93 адамдан бул оору биринчи жолу табылган болсо, өткөн жылы анын саны 89 болгон. Ооругандыгы аныкталгандардын ичинен 73ү чоң кишилер болсо, өспүрүмдөр болбоду. Бирок, жаш балдар арасынан 2016-жылы 8и ооруга чалдыкканы аныкталса, өткөн жылы алардын саны эки эсеге өсүп, 16ны түзгөн.

Бардык 89 ооруган кишинин ичинен 64ү дем алуу органдарынын кургак учук оорусу, 20сы жугуштуу түрү менен, 50сү инфильтративдүү кургак учук менен, 28и өтүшүп кеткен түрү менен, 9у дисиминирлештирилген кургак учук менен оруган. Дагы 25 киши өпкөдөн башка органдардын кургак учугуна чалдыккан.

Жыл ичинде ооруну аныктоо үчүн 14 миң 939 киши флюрографиялык текшерүүдөн өткөрүлгөн жана план 104,6 пайызга аткарылган. Салыштыра келсек, 2016-жылы план араң гана 64,4 пайызга аткарылган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!