​28-февраль: көпчүлүк аймактарда күн ачык болот

27-Фев. 2018, Шейшемби, 16:31

28-февралда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облусунун айрым райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жок. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, күндүз күн ачык болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз +3…+8 градус жылуу,

Нарында түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1 градуска чейин жогорулайт.

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11,

Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10,

Баткен облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14,

Бишкек шаарында 28-февралда жаан-чачын жок. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, +8…+10 градус жылуу болушу күтүлөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!