​3 жашар кызды сабаган өгөй атага иш козголду

1-Март 2018, Бейшемби, 14:34

Кадамжай районунда үч жашар кызды сабаган өгөй атанын үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул жөнүндө Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 3 жаштагы кызды апасы ооруканага ит тиштегенин айтып кайрылган. Врачтардын текшерүүсүнүн жыйынтыгынды иттин тырмагынын издеринен тышкары, наристенин денесинен башка тактар дагы аныкталды. Терең териштирүүнүн жүрүшүндө аял бир күн мурда кызын өгөй атасына таштап кеткендигин моюндады.

Өгөй ата кызды сабап, аны жашыруу максатында иттин тырмактары менен тыттырган. Кыйноо беренесине ылайык кылмыш иши козголгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!