​2-март: аймактарда жаан карга айланат

1-Март 2018, Бейшемби, 16:08

Эртең Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл ойдуңунда жаан карга айланат. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…-7;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…5;

Суусамырда түнкүсүн -9…-14, күндүз -5…-10;

Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5;

Баткенде түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -5…-10 градус суук болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2 суук, күндүз 3…5 градус жогору болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!