​Эки жашар бала унаанын алдында калды

2-Март 2018, Жума, 16:04

Ош шаарында 2 жашар баланы унаа тебелеп кетти. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБи билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык, 1-мартта болжол менен саат 15.00 чамасында катталган. 20 жаштагы айдоочунун токтоп турган уунасы жайынан жылып кетип, 2 жашар баласынын тебелеп кетти. Наристе кырсык катталган жерден жан берди.

Каза болгон бала айдоочунун уулу экендиги аныкталды. Ата- энеси баланы ооруканага алып келгенде, дарыгерлер анын каза болгондугун айтышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!