​Опузалап акча талап кылган имам кармалды

5-Март 2018, Дүйшөмбү, 15:18

Араван районунда тургундан зына иштерди кылгансың деп 400 миң сом акча талап кылган 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБи билдирди.

Маалыматка караганда, опузалап акча талап кылгандардын бири айыл имамы, экинчиси кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жаран болгон.

18-февралда Ош облусундагы Араван районунун тургуну Ош ОИИБине арыз менен кайрылган. Анын арызында: айылдын имамы зына иштерди кылып жүрөсүң деп опузалап, 400 миң сом акча талап кылды. Ал менен кошо дагы бир жаран бар" деп жазган.

Бул окуя боюнча опузалап акча талап кылуу боюнча кылмыш иши козголгон. Окуяга шектүү катары айылдын имамын жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн 1 айга камакка алуу чечими чыгарылган. Кийин Ош облустук соту камактагы имамдын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Учурда бул окуяны ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын тергөө бөлүмү карап жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!