​Мечитте уурулук кылган жаран кармалды

6-Март 2018, Шейшемби, 17:03

Бишкек шаарындагы мечиттердин биринде уурулук кылган шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, ал мечитке келгендердин чөнтөгүндөгү телефон, акчалары уурдалып жүргөн.

Бишкек шаарынын тургуну 14-февралда кымбат баалуу телефонун мечиттен уурдатып жибергендиги туурасында арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Ага удаа эле дагы эле ушул мечиттен 2 адам чөнтөгүндөгү 2000-3000 сомдорун уурдатышкан.

Ыкчам иликтөө кызматынын негизинде кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган жаран кармалган. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, башка уурулукка да тиешеси бар же жоктугу учурда иликтенип жатат.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!