​Өспүрүм кыз өз жанын кыйды

7-Март 2018, Шаршемби, 11:02

Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринде 15 жашар кыз өз жанын кыйган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя “Арча-Бешик” конушунда болгон. Энеси кызынын жансыз денесин эртең менен көргөн. Бишкек ШИИББине суицид тууралуу маалымат 6-мартта 9:30 чамасында түшкөн.

Учурда окуянын чоо-жайы текшерилүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!