​13-марттан 16-мартка чейин жаан карга айланат

13-Март 2018, Шейшемби, 13:42

13-марттан 16-мартка чейин күн сууктап, мезгил-мезгили менен жаан жаап, айрым аймактарда кар түшөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 14-мартта күндүз жана 15-16-мартта Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоо этектеринде жаан карга айланат. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тоңуп тайгалак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

14-17-мартта абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 6 градуска чейин суук, күндүз 5 градуска чейин жылуу болот. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1 градус сууктан 4 градуска чейин жылуу, күндүз 4…9 градус жылуу болот. Тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 2…7 градус суук, күндүз 5 градуска чейин жылуу болору айтылды. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз 1…6 градус суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 20…25 градуска чейин суук болсо, күндүз сууктун күчү 10 градуска чейин жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!