​Жоокерге ок жаңылып каза болду

13-Март 2018, Шейшемби, 13:59

13-мартта Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан №2030 аскер бөлүгүндө жоокерге ок тийип каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, куралды туура эмес колдонуудан улам келишимдик негизде иштеп жаткан аскер кызматкерине ок жаңылган.

2017-жылдын жазында аскерге чакырылган катардагы жоокер капыстан ефрейторду атып алган. Алган жараатынан ефрейтор ооруканага жетпей үзүлгөн. Ушу тапта окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү жеринде иштеп жатканы айтылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!