​14-март: тоолуу аймактарда кар жаайт

13-Март 2018, Шейшемби, 17:46

14-мартта Кыргызстандын аймагында маал-маалы менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9;

Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Чүйдө түнкүсүн -2...+3, күндүз 1…6;

Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 0...5;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 1…7, күндүз 5…10;

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3, күндүзгү жогорку температурасы 4…6 градус болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!