​Алдамчылык менен шыгуулданган жаран кармалды

14-Март 2018, Шаршемби, 13:10

Таанышынын унаасын алдоо жолу менен алып качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын жашоочусу унаасын таанышынан кайтарып алалбай жатканы боюнча Биринчи Май РИИБине арыз менен кайрылган.

2016-жылы жабырлануучу жаранды таанышы алдоо жолу менен Honda Elysion үлгүсүндөгү унаасын алып, ушул күнгө чейин кайтарбастан изин жашырып качып жүргөн. Бул боюнча кылмыш-жаза кодексинин алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1986-жылы туулган жаран кармалган. Шектүү тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран ушул сыяктуу башка 5 кылмыш ишине тиешеси бар экендиги аныкталган. Азыркы учурда соттун чечими менен кармалган жаран 2 айга камакка алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!