​15-март: өлкөдө маал-маалы менен жаан жаайт

14-Март 2018, Шаршемби, 17:38

15-мартта Кыргызстандын аймагында маал-маалы менен жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6;

Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Чүйдө түнкүсүн 0...-5, күндүз -1…+4;

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз -1...+4;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8;

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2, күндүзгү жогорку температурасы 1…3 градус болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!