​Финполдун пара алган кызматкери колго түштү

17-Март 2018, Ишемби, 16:08

Улуттук коопсуздук мамлекетик комитети (УКМК) тарабынан Финансы полициясынын кытай жаранынан беш миң доллар талап кылган кызматкерин кармады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматтын өкүлү 5 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кармалган жаран кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен биргеликте кытайлык жарандан анын мурдагы бизнес-өнөктөшү берген арызды кароону токтотом деп 15 миң доллар пара талап кылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин “Акча талап кылуу” жана “Кызматта туруп акча талап кылуу” беренелери менен кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоо жайына жеткирилген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!