Ысык-Көлдө жолдор жабылды

17-Март 2018, Ишемби, 16:37

Ысык-Көл облусунда жолдорго кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Каракол-Эңилчек жана Барскоон-Ак-Шыйрак жолдоруна кар көчкү түштү. Кар көчкүнүн кесепетинен аталган жолдор жабылган. Учурда көчкү жүргөн жер тазаланып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!