​20-март: күн 23 градуска чейин жылыйт

19-Март 2018, Дүйшөмбү, 15:06

20-мартта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.

Маалыматка караганда, тоолуу жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет.

Ошондой эле 20-мартта тоолуу аймактардагы Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш жолдоруна кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин билдирди. Мындай кырдаал 22-мартка чейин уланат.

Абанын температурасы

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 9...14,

Нарын облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 8...13,

Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 18...23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 3...8, күндүз 19...24,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн-15...-20, күндүз -3...+2.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 5…7, күндүз 21…23° жылыйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!