Поезд сүзгөн окуучу каза болду

19-Март 2018, Дүйшөмбү, 16:56

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 15 жаштагы мектеп окуучусун поезд сүзүп, ал ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык 17-март күнү болгон. Кара-Балта шаарындагы темир жолго чуркап чыга калганда поезд сүзүп кеткен. Жыйынтыгында 15 жаштагы бала оор абалда Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Ал 18-март күнү ооруканада көз жумган. Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!