Кыргызстандык жана өзбекстандык жаран бычакташты

22-Март 2018, Бейшемби, 10:58

Россияда тамактануучу жайда кызматкерлер чырдаша кетип бири бычак жеди. Бул тууралуу Россиянын жергиликтүү маалымдоо каражаттары кабарлады.

Маалыматка караганда, 20-мартта, Санкт-Петербург шаарында 25 жаштагы Кыргызстандык жаран 35 жаштагы Өзбекстан жаранын бычактап салган. “Вкусные суши” барынын чабарманы ошол эле жайдын ашпозчусу менен урушуп кеткен. Анын кесепетинен Кыргызстан жараны чабарманды бычак менен ичке сайган. Жабырлануучу дароо ооруканага жаткырылган. Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!